• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров менен Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

20 Бугу 202223:11 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелери, анын ичинде гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташуу талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода көлөмүнүн өнүгүүсүндөгү оң динамиканы канааттануу менен белгилешти.

Количество просмотров: 153