• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров менен Путиндин качан жолугары айтылды

18 Бугу 2021 15:07 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаров менен 24-майда Сочиде жолугат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин 10-майда Жапаров менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болуп өткөн жаңжалга байланыштуу кырдаал талкууланган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ушул жылдын май айынын аягында президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарын макулдашылган. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат. 

Садыр Жапаров бүгүн алдыда боло турган эл аралык иш-чараларга байланыштуу аралыктан иштөөгө кетти.

Количество просмотров: 309