• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров менен Путиндин катышуусунда Жерүй кенинин комбинаты ачылды

17 Жалган куран 2021 20:15 Бишкек Govori.TV


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин 17-мартта Таластагы Жерүй кенинин алтын иштетүүчү комбинатын ачты. Орусиянын лидери бул иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышты.

Садыр Жапаров Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабриканы ачуу үчүн бүгүн — 17-мартта Таласка барган. Өкмөттүн маалыматына ылайык сөз болуп жаткан кен иштетүүчү ишкана учурда 900 миллион сом салык төлөөдө.

Фабрика ишке киргизилсе бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин көбөйт. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөт. 1000 жумушчу орду түзүлөт. Бирок бул кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөргөн.

https://youtu.be/zV9x07iml_E

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Компанияны кенди иштетүүгө лицензияны 2035-жылга чейинки мөөнөткө алган.

Количество просмотров: 129