• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров менен Путиндин жолугушуусунда кайсы маселелер талкууланды?

24 Бугу 2021 19:32 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Сочи шаарында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, акыркы жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашырылышы, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландары талкууланды.

Башкалар менен катар регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери да каралды. Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн окуяларды, ошондой эле чыр-чатактын кесепетинен Баткен районунун чек арага танапташ айылдарында талкаланган инфраструктураны, социалдык объектилерди жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү чараларын, мындан сырткары жергиликтүү калкка ар тараптуу жардам көрсөтүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Россия президенти Владимир Путин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер бекемделип, өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

«Россия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө биринчи орунду ишенимдүү ээлеп турат. Тилекке каршы, өткөн жылы пандемиянын кесепетинен соода бир топ төмөндөдү. Бирок үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында товар жүгүртүү 6% га жогорулаганын байкадык. Мындай жакшы тенденцияны активдүү иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиянын жардамы менен сактап калуубуз кажет. Биз ошондой эле пандемияга каршы өз ара байланышып, күрөшүп жатабыз. Россия Кыргызстанга тест-системаларды, вируска каршы дары-дармектерди жана вакциналарды жеткирүүдө колдоп келген жана мындан ары да колдоону көздөп жатат. Биздин эксперттер дүйнөгө белгилүү болуп калган “Sputnik V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат», — деп айтты Владимир Путин.

Мындан тышкары, Россия президенти Россия кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды көңүл коюп, өтө тынчсыздануу менен байкап тургандыгын баса белгиледи.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптын ушул сыяктуу бардык талаштуу маселелерин чечүү ниеттерин оң кабылдадык. Максатка дал ушул жол менен жетүүгө болот деп ишенем. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн бизден көз каранды болгон нерселердин бардыгын жасайбыз. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүдө эки тараптын кызыкчылыгына тең жооп бере турган узак мөөнөттүү жолду табышыбыз керек”, — деп кошумчалады Владимир Путин.

Ошону менен бирге тараптардын эл аралык уюмдарда активдүү кызматташарына, алардын арасында ЕАЭБ, ЖККУ жана башка уюмдардын, анын ичинде БУУ сыяктуу глобалдык мүнөздөгү уюмдардын алкагындагы кызматташтык өзгөчө орунду ээлерине токтолду.

Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл бөлүп, кам санагандыгы жана Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен диалогду мындан ары да өнүктүрүүнү жана ар тараптуу бекемдөөнү көздөй тургандыгын баса белгиледи.

Ошону менен бирге президент Садыр Жапаров россия тарапка коронавирус инфекциясы пандемиясы башталгандан бери баа жеткис колдоо көрсөткөндүгү үчүн да өзгөчө ыраазычылыгын айтты.

Тараптар күн тартибиндеги биргелешкен бардык маселелер боюнча натыйжалуу диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Количество просмотров: 542