• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров менен Токаев «Ала-Арчада» сейилдешти

26 Бугу 202216:14 Бишкек Govori.TV

КР президентинин басма сөз кызматы Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаевдин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын аймагында сейилдеген видеосун таратты.

Маалыматта мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин сейилдегени чыккандыгы айтылат.

Белгилей кетсек, Казакстандын президент Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 26-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Анын алкагында Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев чакан жана кеңейтилген курамдагы жолугушууларды өткөрүшүп, жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Количество просмотров: 157