• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү

6 Чын куран 2024 13:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-апрелде, президент Садыр Жапаров Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров жалпы кыргыз элинин атынан Казакстанда болуп жаткан масштабдуу суу ташкындары тууралуу маалыматты абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын белгиледи.

Президент Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Өкмөтү өлкөнүн аймактарындагы табигый кырсыктарды локалдаштыруу жана суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрөт деп ишенет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар ошондой эле алдыдагы боло турган жогорку жана бийик деңгээлдеги иш-чараларды талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Президент Касым-Жомарт Токаевге колдоо сөздөрүн айтып, боордош Казакстан элин келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттуктап, бул руханий майрам эки өлкөнүн элдерине тынчтык, бейпилдик жана туруктуулук алып келишин каалады.

Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев колдоо сөздөрү үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 77