• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: Менин жүрөгүмдө кекчилдик, өч алуу же ташбоордук деген нерсе жок

10 Үчтүн айы 2021 23:17 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматы боюнча 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо добуштардын 79,2% алып, алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, жакынкы үч-төрт жыл аралыгында элдин колдоосуна бүгүнкүдөн да көбүрөк муктаж боло турганын айтты. Ал өзүн колдогон шайлоочуларга ыраазычылыгын билдирди.

«Президенттикке аттанган атаандаштарыма да чын дилимен ыраазычылык билдирем. Алар мекен үчүн кызмат кылайын деген чоң саясатчылар. Биз алардын тажрыйбасын колдонууга тийишпиз. Менин жүрөгүмдө кекчилдик, өч алуу же ташбоордук жок. Менде Кыргызстанды кубаттуу мамлекетке айландырсам деген тилек бар», — деди ал.

Количество просмотров: 160