• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Молдованын президентине куттуктоо жолдоду

27 Баш оона 202110:37 Бишкек Govori.TV

27-август — Молдова Республикасынын Улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Молдова Республикасынын президенти Майя Сандага куттуктоо жолдоду, деп билдирди басма сөз кызматы.

«Өлкөлөрүбүздүн өз ара кызматташуусу кыргыз-молдова мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталат деп терең ишенем. Сизге чың ден соолук, бакубаттык жана жоопкерчиликтүү кызматыңызга ийгиликтерди, ал эми Молдованын элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо жолдомосунда.

Количество просмотров: 121