• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров Москвага эмне үчүн кетти?

26 Теке 202210:20 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Москвада жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы «Сбербанк России» ачык акционердик коомунун иши менен таанышып, Сколководогу Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборго барып, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кошумчалангандай, кыргыз делегациясынын жумушчу сапары «Сбербанк России» ачык акционердик коому башкармалыгынын Президенти, Төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулган.

Количество просмотров: 243