• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жапаров Непалдын президентине көңүл айтты

4 Жетинин айы 2023 21:10 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров зилзаланын кесепетинен көптөгөн адам өмүрлөрү кыйылганына байланыштуу Непалдын президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

“4-ноябрга караган түнү Непалда болуп өткөн зилзаланын кесепетинен адам өмүрлөрү кыйылгандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Непал элине, ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ошону менен бирге, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм. Биз мындай оор мезгилдеги орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, — деп айтылат телеграммада.

Количество просмотров: 157