• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жапаров окуучулардын ата-энелеринен акча чогултуу демилгесине каршы пикирин айтты

13 Баш оона 2021 10:04 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын ата-энелеринен акча чогултуу демилгесине караманча каршы.

Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендигин президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

«Белгилей кетсек, мекеменин бул демилгеси мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы негизги багыттарына каршы келет.

Андан сырткары, буга окшогон кошумча төлөм төлөө механизми билим берүү тутумун жакшыртууга эч кандай реалдуу пайда алып келбейт. Ал тескерисинче, окуучулардын ата-энелерине жүктөлгөн оор жүк болуп калат.

Мамлекет башчысы жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча жыйноолордун эч бирине жол берилбестигин сөздөрүндө бир нече ирет белгилеп өткөн. Мектептерде ар кандай максаттарга, ар кандай шылтоолор менен акча жыйноого кескин түрдө тыюу салынышы керек. Мектептин өкүлдөрү тарабынан бул сыяктуу жасалган бардык аракеттер дароо билдирилип турушу зарыл.

Президент Садыр Жапаров окутуунун заманбап ыкмасын колдонуу менен билим берүү тутумун өркүндөтүп, аны эффективдүү кылуу керектигин көп жолу баса белгилеген. Ошол эле учурда башталгыч жана жалпы орто билим алуу баарына бирдей жеткиликтүү болушун камсыз кылуу керек», — деп айтты Эрбол Султанбаев.

Количество просмотров: 1817