• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров Олимпиадалык резервдик мектептин оңдоо иштерин көрүп чыкты

30 Тогуздун айы 202317:00 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда болгон иш сапарында Жалал-Абад шаарындагы бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жаткан Олимпиадалык резервдин облустук мектебинин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Учурда объектини ачууга даярдык көрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин 1992-жылдан бери бул жер кесиптик лицей болуп келген. Эми капиталдык оңдоодон кийин 400 балага ылайыкташтырылган мектеп болот. Спорттун 7 түрү боюнча окутуу жана машыктыруу процесстери жүргүзүлөт: грек-рим күрөшү, эркин күрөш (эркектер жана кыздар), дзюдо, бокс, жеңил жана оор атлетика. Алардын ар бири үчүн өзүнчө шарттары менен машыгуу залдары каралган. Капиталдык оңдоодон кийин мектептин базасында масштабдуу эл аралык мелдештерди жана машыгуу жыйындарын өткөрүүгө болот.

Президентке маалымдалгандай, спорттун аталган түрлөрү бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында жигердүү өнүгүп, улан-кыздар арасында чоң кызыгууну жаратып жаткандыктан улам тандалып алынган. Мындан тышкары, азыркы тапта мектептин базасында 400 спортчуга ылайыкталган олимпиада айылын түзүү маселеси караштырылып жатканы айтылды.

Количество просмотров: 110