Президент Жапаров бүгүн, 2-октябрда, Нарын облусунда Ормон Хандын 230 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышат.
Иш-чаранын расмий бөлүгү Кочкор айылындагы М.Садыков атындагы стадиондо болот. Ал эми мааракенин маданий бөлүгү Кочкор айылындагы “Ормон Хан” сейил багында уюштурулат. Ошондой эле улуттук ат оюндары Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой аймагында өткөрүлөт.
«Семиз-Бел айылында Кыргызстандын мамлекеттик туусу көтөрүлүп, Ормон хандын эстелиги ачылат»,-деп жазылат маалыматта.
Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар Сарыбагыш уруусунун чоң манабы Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.
Тарыхый маалыматтарга караганда, Ормон хан 18 жашынан баштап эле согуштук жүрүштөргө катышып, өмүрү өтө татаал тарыхый кырдаалга — кыргыз урууларынын өз ара чыр-чатактары ырбаган, курчуган учурга туш келген. Отуз жашынан эл башкарууга аралаша баштаган. Анын атак-даңкы артып, кыргыз урууларынын, атүгүл казактардын арасында дагы таасири күчөгөн. Анжиян, Алай, Ферганадагы аркалык кыргыз урууларынын башчылары Ормон хан менен алака-катышта болуп турушкан.