• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Жапаров орус тилинин макамын өзгөртүү сунушун туура эмес деп эсептей турганын айтты

5 Теке 202513:10 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, Орусияга жумушчу сапары, андагы сүйлөшүүлөр, орус тилинин макамы, өлкөдөгү сөз эркиндиги жана Балыкчы шаарынын жаңы дайындалган мэринин айланасындагы талкуулар боюнча пикирин билдирди.

Мамлекет башчы Орусияга жумушчу сапар менен барганын, анда эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу гана кеп болгонун айтып, айрым маалымат каражаттарындагы «парламенттик шайлоону талкуулаганы барды» деген божомолдорду четке какты.

«Шайлоо биздин ички саясий ишибиз, аны качан, кантип өткөрүүнү эч ким менен кеңешпейбиз», деди.

Садыр Жапаров сапарында Орусия президенти Владимир Путин орус тилинин расмий макамы үчүн ыраазычылык билдиргенин белгилеп, кыргыздар орус тилине муктаж экенин айтты:

«Орус тили бизде расмий тил деп баш мыйзамыбызда белгиленген. Орус тилин биз колдоп келе жатканыбыз үчүн Владимир Владимирович ыраазычылыгын айтты. Негизи орус тили бизге муктаж эмес, биз орус тилине муктажбыз. Биринчиден, орус тили дүйнөлүк алты тилдердин бири. Экинчиден, орус тилисиз биз Кыргызстандан алыс чыга албасыбызды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мисалы КМШ өлкөлөрүн айтпай эле коеюн, кошуна эле мамлекеттерди алалы. Өзбекстан менен Тажикстанга барсаң орус тилсиз сүйлөшө албайсың. Ошол эле Европа, Америка, Кытай өлкөлөрүнө барсаң орус котормочуларды колдонушат. Орус тил макамын өзгөртөлү деген саясатчылардын сунушу туура эмес. Албетте биринчи кезекте өзүбүздүн тилибизди өнүктүрүшүбүз керек. Бирок орус, англис тилин да билишибиз керек. Дүйнөнүн тең жарымы ушул эки тилди колдонушат. Азыркы өсүп келе жаткан жаштарыбыз 3-4 тилде сүйлөп жатышпайбы. Көп тилдерди билген жакшы да. Дүйнөнүн кайсы бурчуна барба эркин жүрөсүң»,-деди президент.

Количество просмотров: 273