• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров парламенттин толук партиялык система менен шайланышын туура эмес деп эсептейт

3 Жетинин айы 2020 15:49 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында иш сапары менен жүргөн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров эл менен жолугушууда суроолорго жооп берди.

Суроо-жооп учурунда ал Баш мыйзамдын долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык система менен шайланып келиши жазылганын билдирди. Жапаров парламенттин толук партиялык система менен шайланышын туура эмес деп эсептейт.

«Партиялык система деп үчүнчү жолу келип мамлекетти талкалап, сазга батырды. Азыр жаңы конституциялык реформалар боюнча бир мандаттуу системага келели десек, партиялык система болсун, жарымы бир мандаттуу деп талашып жаткандар бар. Долбоордо жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык деп көрсөтүлдү», — деди Жапаров.

Жапаров коомчулукта толук бир мандаттуу системаны колдогондор көп экенин белгилеп, бардык пикирлер эске алынарын билдирди. Жапаров Ошто эл менен жолугушуу учурунда конституциялык реформалардын долбоору даяр болуп калганын билдирип, Конституциялык кеңешме түзүлөөрүн айтты.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган.

Бул шашылыш кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.

«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палата учурда ишти кароого даярдык жүрүп жатканын билдирди.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Андагы массалык добуш бурмалоого эл каршы чыгып, 5-октябрдан тартып өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган. Ошондон кийин БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Количество просмотров: 242