• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

13 Жетинин айы 2020 9:08 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинге Кыргызстанга көрсөтүп жаткан колдоосуна, анын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштөгү колдоосуна өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу маектешин Россия Федерациясынын ШКУга ийгиликтүү төрагалык кылышы менен куттуктап, Уюмдун өнүгүшүнө жаңы дем бергенин айтты.

Сүйлөшүүнүн аягында Садыр Жапаров Кыргызстандын Россия менен болгон мамилелерди мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын өңүтүндө өнүктүрүү ниети бар экенине ишендирди.

Количество просмотров: 234