Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда Москвага болгон биринчи чет элдик иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров менен Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн өз ара натыйжалуу байланышын өнүктүрүү келечегин талкуулашты.