• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров Путинди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды

24 Бирдин айы 2021 21:37 Бишкек Govori.TV

Москвада өтүп жаткан Президент Садыр Жапаровдун иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык талкууланып, Садыр Жапаров орус лидерине алгачкы иш сапары Москвадан башталып жатканына кубанычта экенин билдирди жана Путинди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапары бүгүн 24-февралда башталды. Ал Орусиянын баш калаасында азыркы тапта Владимир Путин менен жолугуп жатат.

Андан соң Орусиянын өкмөт башчысы, парламент төрайымы жана төрагасы сыяктуу бир катар кызматкерлер менен жолугат.

Иш сапар 25-февралда аяктайт.

Количество просмотров: 389