• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров Рахмонду туулган күнү менен куттуктады

5 Тогуздун айы 2023 18:06 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу маалымат коңшу өлкөнүн президентинин расмий сайтына жарыяланды.

«Урматтуу Эмомали Шарипович! Сиздин туулган күнүңүзгө карата чын жүрөктөн айтылган куттуктоомду кабыл алыңыз. Ушул жылдын 14-сентябрында Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында меймандос Дүйшөмбүдөгү акыркы жолугушуубузду канааттануу менен эстейм. Достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында биз кыргыз-тажик мамлекеттер аралык мамилелеринин абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин кызуу талкууладык. Сизге, урматтуу Эмомали Шарипович, чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык, ал эми дос Тажикстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм»,-деп жазылат Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Жапаровдун расмий сайтында куттуктоо телеграммасын жибергени тууралуу маалымат жок.

Количество просмотров: 106