• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Россия Өкмөтүнүн Төрагасы менен жолугушту

25 Бирдин айы 2021 18:14 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Күн тартибиндеги эки тараптуу артыкчылык берилген багыттар, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланды.

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Ал учурда Өкмөт аркылуу коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы биргелешип күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, бул Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга өбөлгө түзгөнүн баса белгиледи.

Михаил Мишустин Россия Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнөн экенин, коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепетинен улам төмөндөп кеткен соода байланыштардын мурунку деңгээлин биргелешкен күч-аракеттер менен калыбына келтирүүгө болорун билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын, ошондой эле Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун алгылыктуу иштерине токтолду.

Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Кыргызстан менен мындан ары натыйжалуу кызматташууга даярдыгын айтты.

Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоону улантуу жөнүндө келишимге жетишилгендигин билдирди.

Садыр Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам түрүндө көрсөткөн колдоосу үчүн Россия Өкмөтүнө ыраазычылыгын айтты.

Ал Кыргызстан менен Россияны маданий, тарыхый жалпылыктар гана эмес, ошондой эле жаңы саясий, соода-экономикалык алакалар байланыштырып тургандыгына токтолуп, буга байланыштуу эки мамлекеттин ортосундагы бардык потенциалды толук ачып берүүгө умтуларын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар, айрыкча, соода-экономикалык кызматташтык деңгээлин жогорулатууга даяр экендиктерин билдиришти.

Количество просмотров: 68