• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров Россияга жөнөп кетти. Делегациясынын курамы

20 Бирдин айы 2024 16:56 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда, иш сапары менен Россия Федерациясына учуп кетти.

Мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча боло турган сапардын алкагында Казань шаарында өтүүчү «Келечек Оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Россиянын Президенти Владимир Путин жана Татарстан Республикасынын Башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.

Теги:
Количество просмотров: 92