• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров Россиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды

15 Жалган куран 2021 14:54 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Билим берүү чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашышты.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин ортосунда мектептерди куруу, ыктыярчы мугалимдер менен камсыз кылуу, Россиянын ЖОЖдорунда мугалимдерди даярдоо, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана айрым сабактарды окутуу боюнча тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашууларга жетишилгендигин канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров ар бир аймакта, Бишкек жана Ош шаарларында бир катар мектептерди куруу боюнча Россия тараптын жардамын колдой тургандыгын билдирди.

Ал Россия Федерациясына болгон иш сапарынан кийин өлкөнүн Өкмөтүнүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бул багытта маселени иштеп чыгуу боюнча буйрук берилгенин кошумчалады.

Президент Кыргызстанда орус тилинде окуткан биргелешкен жалпы билим берүүчү мектептерди куруу, түзүү жана иштетүү боюнча артыкчылыктуу иш-чаралардын планы иштелип чыккандыгын өзгөчө белгиледи. Бул планды ишке ашыруу биргелешкен жалпы билим берүүчү мектептерин түзүү, куруу жана иштетүү шарттары жөнүндө Өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюуну тездетет деп кошумчалады.

Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов бүгүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Кызматташтык жөнүндө биргелешкен протоколго кол коюлганын, ал министрлердин деңгээлиндеги байланышты күчөтүүгө жардам берерин маалымдады.

Сергей Кравцов ошондой эле билим берүү долбоорлорун ишке ашырууда улуттук компонентти — улуттук тилди, өлкө тарыхын жана каада-салтын эске алуу өтө маанилүү экенин кошумчалады.

Бул багытта тажрыйба алмашууну күчөтүү максатында Кыргызстандын мектептерине орус мугалимдерин тартуу программасын кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди. Бүгүнкү күндө 29 орус мугалими Ош шаарындагы мектептерде иштеп жатышат.

Сергей Кравцов Кыргызстандын айыл жерлеринде мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна кызыкдар экенин жана анын маанисин белгиледи.

Мындан тышкары, Россиянын агартуу министри президент Садыр Жапаровго эл аралык “Артек” балдар борборуна республикалык балдар үчүн 150 орундук сертификат-жолдомосун тапшырды.

Президент Садыр Жапаров эки министрликтин билим берүү жаатындагы тыгыз кызматташтыгы мындан ары да улантыларына үмүт артарын айтып, Россиянын президенти Владимир Путинге өлкөнүн билим берүү системасын колдогону үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Количество просмотров: 86