• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапаров: Салык процедураларын санариптештирүү коррупция менен күрөшүүдө чечүүчү роль ойнойт

31 Бугу 2022 14:12 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин жыйынына катышты.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров 3 негизги учурга токтолду.

«Биринчиси, мурда кагаз жүзүндө гана калып келген көлөмдүү пландардан баш тартуу зарылдыгы. 30 жыл бою биз коррупция менен күрөшүп келебиз, бирок азырга чейин ал бийликтин бардык бутактарында орун алгандыгын көрүүдөбүз. Коррупциянын деңгээлин кескин кыскартуу үчүн реалдуу иш-аракеттер керек. Контролдук-кассалык машиналардын киргизилиши менен бир катар тоскоолдуктарга туш болдук. Өнүккөн мамлекеттерде бизнес алгачкылардан болуп санариптештирүүгө өткөн. 1965-жылдары коррупция күч алып кеткен Сингапурда бийликтин саясий эрки аркылуу гана аны токтотууга мүмкүн болгон», — деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров салык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселесине да токтолду.

«Мамлекет контролдук-кассалык машиналарды аймактарда да ишке киргизүүнү улантмакчы. Мен бир эле мисал келтирейин, Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында жалпы товар жүгүртүүсү 16,4 млн сомду түзгөн тогуз соода түйүнү бар. 2021-жылы алар мамлекеттик бюджетке салыктык чегерүү түрүндө 33 миң сом которгон. Ошол эле учурда айыл тургундарына пенсия түрүндө – 28,8 млн сом, мугалимдерге эмгек акы түрүндө 16 млн сом суммасындагы социалдык төлөм багытталган. Ал жерге бюджеттен жалпысынан 51,8 млн сом бөлүнүп, ал эми салык түрүндө 33 миң сом гана түшкөн», — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Коррупцияга каршы туруу боюнча үчүнчү чара – элдин биримдиги жана ынтымагы.

«Өлкөнүн ар бир жараны коррупцияга жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүсү керек. Биз өз кезегинде ишти акырына чейин жеткирип, коррупцияны түп-тамырынан бери жок кылуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Ал үчүн бизге коомдун, карапайым элдин колдоосу керек», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин жыйынынын катышуучуларына 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик антикоррупциялык стратегиясынын долбоору сунушталды, ал кеңири талкуудан соң жактырылды.

Количество просмотров: 72