• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундары жөнүндө жарлыкка кол койду

1 Чын куран 2024 14:18 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын (мындан ары – кызматчылар) ишин уюштуруу маселелерин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам актылары кабыл алынганга чейин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Кызматчылардын иши ушул Жарлык менен алардын кесиптик иши алардын статусун регламенттеген мыйзамдар менен жөнгө салынбаган өлчөмдө жөнгө салынат деп белгиленсин.

2. Төмөнкүлөр аныкталсын:

– саясий мамлекеттик кызматка, атайын статусу бар мамлекеттик кызматка жана саясий муниципалдык кызматка кирүү Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жана учурларда саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна жана саясий муниципалдык кызмат ордуна шайлоо же дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат;

– кызматчылар Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген тиешелүү ыйгарым укуктарга, милдеттерге жана укуктарга ээ;

– эгерде Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында башкача каралбаса, саясий мамлекеттик кызматка, атайын статусу бар мамлекеттик кызматка жана саясий муниципалдык кызматка кирген адамдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусунун башталышы болуп ал саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна жана саясий муниципалдык кызмат ордуна шайланган же дайындалган күн эсептелет;

– кызматчы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы, эмгек тартибин, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарын, антты бузгандыгы, ошондой эле мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта болуу менен байланышкан, мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү сактабагандыгы үчүн ага мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан алар кызмат ордуна дайындоону же шайлоону жүзөгө ашырган адамдарга карата тиешелүү түрдө тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн;

– саясий мамлекеттик кызматка, атайын статусу бар мамлекеттик кызматка жана саясий муниципалдык кызматка кирген адам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте окуудан өтөт;

– саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жана учурларда токтотулат;

– аткаруу бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адамды ээлеген саясий мамлекеттик кызмат ордунан, атайын мамлекеттик кызмат ордунан жана саясий муниципалдык кызмат ордунан бошотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген негиздерден тышкары, кызматчынын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алынган чечимдерге жана жүргүзүп жаткан саясатка ылайык келбеген учурда ал ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн;

– кылмыш жасагандыгына, анын ичинде кызматтык мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган кызматчылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде мамлекеттик кызмат орундарын ээлей албайт;

– эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, кызматчыларга саясий партиялардын, камкорчулук же байкоочу кеңештердин башкаруу органдарынын, башка коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө тыюу салынат.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) кызматчылар төмөнкүлөргө укуктуу:

– эмгектин натыйжаларына ылайык эмгек акыны өз убагында жана толук көлөмдө алууга;

– жумуш убактысынын чектүү узактыгын белгилөө, жумуш күнүнүн ичинде эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуулар, жума сайын дем алыш күндөрүн, жумуш эмес майрам күндөрүн берүү менен камсыз кылынуучу эс алууга;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеңилдиктерди алууга;

– ден соолук үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө;

– мыйзамда белгиленген тартипте ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул төлөө менен узактыгы 30 календардык күн болгон ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүгө.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жалпысынан 5, 10, 15 жана 20 жылдан көп иш стажы болгондо акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнүн узактыгы тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө көбөйтүлөт.

Каалоо боюнча өргүү бөлүп берилиши мүмкүн. Мында биринчи бөлүктүн узактыгы 14 календардык күндөн аз болушу мүмкүн эмес. Өргүү бардык мезгилге же жарым-жартылай таризделгенине карабастан, акы төлөнүүчү өргүүнүн бардык суммасы өргүү таризделгенде төлөнөт.

Кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ал өргүүдөн мөөнөтүнөн мурда чакыртылышы мүмкүн эмес. Өргүүнүн пайдаланылбаган күндөрү үчүн компенсациялык сумма өргүүнүн пайдаланылбаган күндөрүнө пропорциялуу төлөнөт;

2) кызматчыларды башка жерге кызматка которууда аларга жаңы жерге көчүп барууга жана убактылуу турак жайга кеткен чыгымдарды компенсациялоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт;

3) кызматчыларга кызматтык, анын ичинде чет өлкөлүк иш сапарларга чыгымдарынын ордун толтурууга кепилдик берилет. Кызматчыларга мыйзамдарда каралган башка компенсациялар, анын ичинде өзгөчө татаал шарттарда, жумуш эмес майрам жана дем алыш күндөрү иштегендиги үчүн акчалай сыйлыктар да жайылтылат;

4) кызматкерлер медициналык камсыздандырылууга тийиш. Кызматчынын консультацияга, текшерүүгө, дарыланууга жана реабилитациялоого байланышкан бардык чыгымдары медициналык камсыздандыруунун чегинде компенсацияланууга тийиш;

5) кызматчы менен бирге жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган шарттарда жана тартипте мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде медициналык тейлөөдөн пайдаланат;

6) кызматчылар кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде ооруп калса же эмгекке жарамдуулугун жоготкон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик бюджеттин жана башка камсыздандыруу фонддорунун каражаттарынан милдеттүү камсыздандырылууга тийиш;

7) кызматчы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу менен байланышкан мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен майып болуп калган учурда, ага беш жүз миң сом өлчөмүндөгү бир жолку компенсация төлөнөт;

кызматчы өлтүрүлгөн же кесиптик ооруга же ден соолугуна келтирилген мертинүүгө байланыштуу каза болгон учурда анын үй-бүлөсүнө бир миллион сом өлчөмүндөгү бир жолку компенсация төлөнөт;

9) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоюлушуна, кайра уюштурулушуна же штатынын кыскарышына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган кызматчы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, үч орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө компенсация алат. Ошол эле учурда башка ишке өткөн учурда компенсация төлөнбөйт.

Кызматчы бошотулгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде иш менен камсыз кылуу кызматында жумуш издеген адам катары катталган шартта, 3 айдын ичинде мурда ээлеген кызмат орду боюнча орточо эмгек акы төлөнөт;

10) каза болгон (курман болгон) кызматчыны же кызматын токтоткондон кийин каза болгон адамдын сөөгүн коюуда анын жубайына, жакын туугандарына, каза болгондун мыйзамдуу өкүлүнө же анын сөөгүн коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка адамга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өлчөмдө сөөк коюуга жөлөкпул берилет.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 25-майындагы № 200 “Кыргыз Республикасындагы саясий мамлекеттик кызмат жөнүндө” Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 217 “Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 25-майындагы “Кыргыз Республикасындагы саясий мамлекеттик кызмат жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу маселелерди жөнгө салуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын мыйзам актысынын деңгээлинде киргизсин.

Количество просмотров: 107