• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров: Шайлоо 99% таза өттү

10 Үчтүн айы 2021 23:19 Бишкек Govori.TV

Шайлоо 99% таза өттү. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында журналисттерге Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мындан ары шайлоолор таза өтөт.

«Буга чейин мугалимдерди, мамлекеттик кызматта иштегендерди күч менен шайлатып жүрсө, бул жолу мындай факты катталган жок. Бийликке келгенге чейин менде дагы БШК шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүп коет деген күмөн ойлор жаралчу. Бирок барып текшерип, өз көзүм менен күбө болдум ал жерде алмаштыруу мүмкүн эмес экен», — деди Жапаров.

Эске салсак, добуш берүүгө акылуу кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

Автоматтык санактагы жыйынтыгы саат 22:00гө карата төмөнкүчө эсептелди:

Садыр Жапаров — 79,24%;

Адахан Мадумаров — 6,71%;

Бабыржан Төлбаев — 2,35%;

Мыктыбек Арстанбек — 1.67%;

Абдил Сегизбаев — 1.46%;

Имамидин Ташов — 1.19%;

Клара Сооронкулова — 0.99%;

Аймен Касенов — 0.91%;

Улукбек Кочкоров — 0.68%;

Канатбек Исаев — 0.58%;

Бактыбек Калмаматов — 0.50%;

Курсан Асанов — 0.50%;

Элдар Абакиров — 0.50%;

Равшан Жээнбеков — 0.19%;

Каныбек Иманалиев — 0.18%;

Жеңишбек Байгуттиев — 0.09%;

Арстанбек Абдылдаев — 0.08%;

Баарына каршы — 1,34%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумдун автоматтык санактагы жыйынтыгы төмөнкүчө:

— Президенттик башкарууну колдогондор — 81,27% ;

— Парламенттик башкарууну жактагандар 10,82%;

— Экөөнө тең каршылар — 4,42%.

Количество просмотров: 103