• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров ШКУ саммитине катышууда (сүрөт)

17 Аяк оона 2021 13:29 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарындагы «Кохи Навруз» комплексине барды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Ал жерде Садыр Жапаровду Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.

ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери жамааттык сүрөткө түшкөндөн кийин, уюмдун алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жыйындар залына киришти.

ШКУ саммитине бирикмеге мүчө: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле байкоочу макамы бар: Афганстан, Беларусь, Иран жана Монголиянын президенттери катышат. Мааракелүү саммиттке ардактуу мейман катары Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов да барды.

Дагы алты өлкө: Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка уюмда диалог боюнча өнөктөш макамында.

Ошондой эле, бүгүн биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт.

Количество просмотров: 226