• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров: «Сохко коридор берилет» деген маалымат туура эмес

15 Жалган куран 2021 21:19 Бишкек Govori.TV

«Сохко коридор берилет» деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Ал Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарында коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен эки өлкөнүн чек ара маселесин 3 айдын ичинде толук чечип бүтүү тууралуу сүйлөшүлгөнүн айтты.

Анын сөзүнө караганда, Өзбекстан менен чек ара маселесинде олуттуу талаш-тартыш деле калган жок. 24-25-март күндөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга барып, тиешелүү документтерге кол коюп келет.

Садыр Жапаров коомчулукта талкууланып жаткан Өзбекстандын Сох анклавына байланыштуу суроого да жооп берди.

«Биз Сохко авиакаттамды ачып беребиз дедик. Андан тышкары өткөрмө бекеттерин гана ачабыз. Интернетте оппозиционерлер, ою бузук адамдар «Сохко коридор берет экен. Жол ачат экен, сууну берет экен», деген туура эмес маалыматтарды таратып жиберишти. Бул туура эмес калп маалымат. Ал эми Унгар-Тоо (ред: Үңкүр-Тоо) боюнча Шавкат Мирзиёев «Биз талашпайбыз (претендовать этпейбиз), силерге таандык боло берсин» деди» — деп билдирди президент.

13-мартта президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы жөнүндө маалымат таратып, ырасмий Бишкек Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр экенин, анын жашоочулары чек ара аркылуу ары-бери эркин каттай ала турганын билдирген. Басма сөз катчы Өзбекстан Кыргызстанга буга чейин талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр экенин белгилеген.

Социалдык тармактарда бул маалымат кызуу талкууга жем таштаган.

Бир нече сааттан кийин Үңкүр-Тоо аймагы жана Сох анклавы боюнча тараткан маалымат президенттин сайтынан өчүрүлүп, кайра өзгөртүлгөн тексти жарыяланган. Анда кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын гана ачууга даяр экени кабарланган. Ага чейин орус тилинде таратылган маалыматта транспорт жолу да ачылары белгиленген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада тактала элек тилкелердин арасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо да бар. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы жайгашкан. 2016-жылы чыр чыгып, Өзбекстан бул талаштуу аймак өзүнө караштуу экенин билдирген.

Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барып келди.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 113