• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров Түркияга жеткирилген Орхан Инанды боюнча үн катты

6 Теке 2021 17:46 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын Түркиянын атайын кызматтары уурдап кетиши боюнча пикирин 24.kg агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, кетсек 5-июль күнү Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган Орхан Инандыны атайын топтор Кыргызстандан алып келип, түрк сотторуна өткөрүп бергенин жарыялады. 

Бүгүн Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырды.

— Садыр Нургожоевич, коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан Орхан Инандынын Түркия тарабынан уурдалып кетишине байланыштуу кандай комментарий бересиз?

— Орхан Инанды дайынсыз жоголду деп массалык маалымат каражаттарына чыгаары менен мен дароо күч структураларынын жетекчилерин чогулткам. Бардык күчүңөрдү жумшап, тез арада тапкыла, чек араларды катуу карагыла деген буйрук бергем.

Ошол күнү Орхан Инанды жөнүндө толук маалымат алгам.

Көрсө, буга чейин эле 2016-жылдан бери үч жолу уурдап кетүү аракети болгон экен. Үчүнчүсү кыш айларында болуп, анда Камчыбек Ташиев сактап калыптыр. Тагыраагы, УКМКнын балдары сактап калышкан. Аны Орхан Инанды жана анын үй-бүлөсү да билет экен. Ошондо Камчыбек Кыдыршаевич жалгыз жүрбө, дайыма жан сакчы менен жүргүн деп эскерткен экен. Кенебестик кылып коюптур да..

— Эми эмне болот? Түркия тарапка доомат коёсуздарбы же жокпу?

— Албетте коёбуз. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге тапшырма бердим. Элчисин чакырып нааразычылык нотасын бер деп. Бугун тапшырды.

— Кандай жооп күтсөк болот? Кайтарып алып келүү мүмкүнбү?

— Эң негизгиси — аман-эсен экен. Өмүрү узун болсун. Кайтарып алып келүү боюнча маселе көтөрдүк. Бирок азырынча Түркия тараптан расмий жооп келе элек. Оозеки түрдө Орхан Инанды силердин жаран эмес, биздин жаран, бизден жарандыктан чыккан эмес деген жообун берип атышат дешти. Түркиянын расмий жообун күтүшүбүз керек.

Эскерте кетсек, Орхан Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Орхон Инандынын жоголушу тууралуу Садыр Жапаров Реджеп Эрдогандан сураганын, ал Инанды боюнча маалыматы жоктугун, ФЕТОчулар боюнча уккусу келбегенин айткан. 

Булак: 24.kg.

Количество просмотров: 9462