• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров Түркиянын улуттук коргоо министрин кабыл алды

30 Кулжа 2021 15:44 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Түркия Республикасынын улуттук коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук маселелериндеги эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттары жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы дипломатиялык алакалар түзүлгөндөн бери Кыргызстан менен Түркия бардык чөйрөлөрдө кызматташууга бекем пайдубал түптөшкөндүгүн өзгөчө белгиледи.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, кыргыз-түрк мамилесинде аскердик-техникалык кызматташуу өзгөчө орунду ээлейт. Анын мындан аркы кеңейишине жана бекемделишине мүмкүнчүлүктөр кенен.

Анын айтымында, региондогу туруксуз абалды жана коркунучтардын өсүп жатканын эске алганда, өзгөчө Афганистандагы кырдаалдын татаалдашкандыгына байланыштуу, аскердик-техникалык кызматташуу актуалдуу жана өз убагында болуп эсептелет.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөдө жана жалпы эле региондо тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн болушу үчүн биргелешкен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламы менен каалоо-тилектерин жеткирди.

Анын айтымында, Түркиянын президенти Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Жогорку стратегиялык кызматташтык боюнча кеңештин 5-жыйынынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун алкагында бул сапардын маанилүү экенин белгилеген.

Ал түрк тараптын учурдагы бардык маселелерди ыкчам чечүүгө ар дайым даяр экенин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен туруктуу байланышта болуп жатканын баса белгиледи.

Хулуси Акар аскердик кызматташтыктын алкагында аскер адистерин окутуу жана даярдоо маселеси дагы маанилүү экенин кошумчалады.

Түркиянын улуттук коргоо министри кыргыз тарап менен натыйжалуу кызматташууну улантууга жана бул багытта көмөк көрсөтүүгө даярдыгын айтты.

Количество просмотров: 99