• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров Ташкентке барды

26 Чын куран 2023 21:43 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) келди.

Жумуш сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин башчысы 27-апрелде Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өтүүчү жана дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнүн 2500 өкүлдөрүн чогулткан II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ишине катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов жана Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолугат.

Количество просмотров: 51