• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров: Тажикстан менен чек араны сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө күч-аракетибизди жумшап жатабыз

28 Бештин айы 2022 14:41 Бишкек Govori.TV

«Тажикстан менен чек ара маселесин тынчтык, дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында.

Анын айтуусуна караганда, чек ара толук чечилмейин мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет.

«Ага тилекке каршы соңку окуялар күбө. Дал ушундан улам бүгүнкү күндө үч коңшу өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Тажикстан менен чек араны тынчтык, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Эгемендүүлүк жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесин кийинки муундарга калтырбай чечүүнү эң башкы максатыбыз деп колго алдык. Ата-бабалардан калган ыйык жерибизди келечек муунга табериктей сактап, өз калыбында өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз», — деди президент.

Белгилей кетсек, учурда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Жыйында министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралмакчы.

Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.

Количество просмотров: 99