• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жапаров Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмнелер тууралуу сөз болду?

1 Бирдин айы 2021 14:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, телефондук баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары аймактык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, коронавирус инфекциясы пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү, ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук-транзиттик чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-казак союздаштык мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы чыңдоого бар күч-аракетин жумшаарына ишендирди.

Количество просмотров: 368