• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров: Толук кандуу мыйзамдуу өкмөт башчымын

7 Тогуздун айы 2020 16:47 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров 7-октябрда басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүн толук кандуу мыйзамдуу өкмөт башчымын деп билдирди.

«Биз кечээ кечке депутаттар менен сүйлөшүп, кечинде чогулуп, алар мени өлкөнүн мыйзамдуу премьер-министри кылып шайлады. Азыркы таптагы болуп жаткан башаламандыктарды токтотуп, кырдаалды жөнгө салууга болгон аракетимди жасайм. Расмий түрдө өлкөнүн жоопкерчилиги мойнумда. Менин артымда Жээнбековдор же Матраимовдордун кланы турат деген сөздөр айтылып жатат. Бул — жалган, — деди Жапаров.

Эске салсак, 6-октябрда «Достук» мейманканасында чогулган депутаттар 6-чакырылыштын вице спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакировдун төрагалыгында жыйын куруп, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүү тууралуу арыздарын кабыл алып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасын жүргүзгөн.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров сунушталган.

Количество просмотров: 609