• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жапаров «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барды

18 Тогуздун айы 2021 14:17 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Торугарт – Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барды.

Акылбек Жапаров «Фантузи» контейнердик кранынын иши менен таанышып чыгып, мындан ары карай жүктөө «Арка» районунда эмес, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырылаарын жана жүк ташуучу унаалардын саны көбөйтүлөөрүн белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле дезинфекциялык барьердин абалы менен таанышып, аталган пункттун инфраструктурасын жакшыртууну тапшырды. Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Тайлак Баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышты.

Количество просмотров: 353