• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров Транспорт министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшырды

17 Теке 2023 11:54 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 265 даана жаңы атайын техникаларды тапшырды. Алар жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого колдонулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

«Былтыр Транспорт министрлигине 32 даана жол-куруу техникалары тапшырылган. Быйыл атайын техникаларды алууга эле республикалык бюджеттен 5 миллиард сом каралган, башка долбоорлорго 6 млрд сом», — деди ал.

Садыр Жапаров иш-чаранын жүрүшүндө жолчуларды өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана ак ниет иштөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, мындан бир ай мурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 даана жаңы атайын техникалар тапшырылган.

Количество просмотров: 44