• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров Турдакун Усубалиевдин раритет унаасын Тарых музейине тапшырды

9 Бирдин айы 2021 17:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-февралда, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин раритет унаасын Мамлекеттик тарых музейине тапшырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы бул унааны жеке адамдан — Нарын облусунун тургунунан белек катары алган. Турдакун Усубалиевдин тарыхый жактан мааниси баалуу бул кызматтык автоунаасын нарындык жаран көп жылдар бою сактап келген.

Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон Турдакун Усубалиевдин жаркын элесин урматтоо менен анын автоунаасын Мамлекеттик тарых музейинин балансына өткөрүп берди.

Белгилей кетсек, “ГАЗ-69” маркасындагы автомобиль Турдакун Усубалиевдин Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп тургандагы кызматтык автоунаасы болуп саналат. Кийин бул автомобиль республиканын райондорунун бирине пайдаланууга берилген.

Количество просмотров: 244