13-февралда президент Садыр Жапаров акыркы учурдагы кадрдык чечимдери тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине комментарий берди.
Президент өз маегинде Нурланбек Тургунбек уулунун Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетиши тууралуу суроого да жооп берген.
Журналисттин “Жогорку Кеңештин төрагасы өз каалоосу менен кызматын тапшырып берди. Анын бул кадамы акыркы окуяларга, 75 адамдын катына кандайдыр бир байланышы барбы?” деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди:
“Түздөн-түз тиешеси бар деп айткандан алысмын. Балким ошолордун же аларды уюштургандардын жетегине кирип кеткендир. Балким ошол катасын сезип, депутаттардын өз ара бөлүнө башташына жол бергенине өзүн айыптуу сезип ушундай жыйынтык чыгаргандыр”, — деди ал.