• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров: Туура эмес келсе, кадрлар күн сайын эмес, саат сайын алмашыш керек

12 Бирдин айы 2021 0:16 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы маегинде Бишкек шаарынын мэрин бекитүүнүн айланасындагы маселелер жөнүндө да позициясын билдирди. Ал Кыргызстанда учурда кадр таңкыстыгы курч экенин белгилеп, таза иштеген, коррупцияга малынбаган кишилерди табуу оор болуп жатканын айтты.

Ал кыска убакытка калаа жетекчисинин милдетин аткарган Эрмек Нургазиев менен жолугушканын ырастап, аны татыктуу деп ойлогонун айтты.

«Ал «мэрликке талапкер болуп баратам» деп мага келген. Кабыл албай койбойсуң да, кабыл алдым, сүйлөштүм. Жакшы идеялары бар бала экен. Шаарды өнүктүрүү боюнча максаттары, пландары бар экенин айтты. Бир эмес, эки жолу «артың тазабы?» деп сурадым, «эч кандай жаман иштерге аралашкам эмесмин» деди. Мурда мамлекеттик кызматтарда иштебептир, курулуш тармагында жеке иштери менен гана алек болуптур. Анан ал мага «мен адвокат аялды тоголото урдум эле, артымда батирлер боюнча талашым бар эле» деп айткан эмес. Мунун баарын кеч билдик. Мэр болуп койгондон кийин эле ошолору чыга баштады, мен ал тууралуу өз оюмду Интернетке жазып койдум. Аял кишини ушунчалык урган киши, репутациясы бузулган адам мэр болуп барганы туура эмес. Ошентип эртеси башка мэр барып туруп калды. Эми бул жерде мындан трагедия көрүштүн кереги жок. Эгер туура эмес келсе, кадрлар күн сайын эмес, саат сайын алмашыш керек. Мисалы, Грузияда реформа жасалганда, кадрлар, министрлер жума сайын алмаштырылган. Кадрларды даярдоо үчүн беш-он жыл убакыт керек болот»,-деди Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 296