• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров: Тынч ажырашып жатабыз жана Кумтөр боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатат

4 Чын куран 2022 13:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-апрелде кечки саат 18:30да түз эфирде Кумтөр боюнча кыргыз тарап менен Centerra Gold Inc. компаниясы ортосунда кол коюу иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

“Бүгүн саат 18:30да түз эфирде кол коюу өтөт. Иш ошону менен аяктайт. Соттошпой, тынч ажырашып жатабыз жана Кумтөр боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатат”, — дейт президент.

Жапаров ошондой эле Кыргызстанда Кумтөрдөн башка бош жаткан 30дан ашык алтын кени бар экенин кошумчалады.

“Анын баарын мамлекеттин менчиги катары өзүбүз иштетебиз деп «Көчмөндөр мурасы» улуттук холдингин түзгөнбүз. Мындан бир ай мурда ал өз ишин баштаган. Кумтөр жана башка алтын чыккан кен байлыктарыбызды өзүбүз иштеткени үчүн эмгек акыларды көтөрүп жатабыз”, — деди өлкө башчы.

Эскерте кетсек, кыргыз тарап менен канадалык Centerra Gold Inc. компаниянын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуунун шарттары жана форматы жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Количество просмотров: 286