• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров: Тынчтык жол менен сүйлөшө албасак, анда «Центеррага» дооматтарды коебуз

25 Бештин айы 2021 12:06 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров президент катары чыгарган биринчи жарлыгы Кумтөр алтын кенин өлкөнүн кызыкчылыгына иштетүү болгонун айтып, «Центерра» Кыргызстандын экологиясын бузуп жатканы үчүн сырттан башкаруу киргизилгенин белгиледи.

«Кумтөрдү элге кайтардык. Бул иште Акылбек Жапаров, Динара Кутманова, Камчыбек Ташиев, Тенгиз Бөлтүрүков баштаган команда иштеди. Мыйзамдык жактан күчтөндүрдүк. «Улуу көчмөндөр мурасы» аттуу мамлекеттик холдинг түздүк. Кумтөрдөн башка дагы кендерден түшүп жаткан акча мындан ары мамлекеттик казынада сакталат. Кенди жөн эле басып жаткан компаниялардын лицензиясы алынат. Кумтөрдөгү ишибизди алсыратуу максатында түрдүү бут тосуулар болду. LBMA Кумтөрдө өндүрүлгөн алтынды сатып алуудан баш тартты. Мен ошондо да айткам, алтындын кардары көп. Сатып жатабыз, сата беребиз. Аягында «Центерра» Кумтөр ага таандык эмес экенин моюнуна алды. Ал өзүнүн баланстык операциясынан 26 млн. долларын эсептен чыгарып, бизнес операциясы токтогонун, аны менен Кумтөр алтын кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду», — деди Жапаров.

Садыр Жапаров учурда канадалык компанияга бир катар инвестициялык долбоорлор сунуш кылынганын белгиледи.

«Тынчтык жол менен сүйлөшө албасак, анда «Центеррага» экологиялык жана коррупциялык дооматтарды коебуз. Акыр-аягына чейин күрөшөбүз. Жыйынтык чыгарабыз. Кумтөр элге кызмат кылат», — деди президент.

Количество просмотров: 1472