• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров тышкы башкаруу боюнча мыйзамга кол койду

14 Бугу 2021 10:53 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу презденттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 6-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган, жумуштар таасирин тийгизген аймакта жашаган же иштеген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген коомдордо тышкы башкарууну киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү болуп саналат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 185