• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров: Тышкы карызды 2035-жылга чейин төлөп бүтөбүз

20 Бирдин айы 202519:39 Бишкек Govori.TV

Президент сырткы карыз боюнча Кабар агенттигине комментарий берди.

Тышкы карыз боюнча маекти толук беребиз.

— Сырткы карызыбыз 4,5 миллиард доллар бойдон турат. Бул маалыматты айрым ишсиз калган же качып жүргөн саясатчылар бийликти элге жаманатты кылып көрсөтүү үчүн таратып жатышат.

Биз азыр сырткы карыздан коркпойбуз. 2020-жылга чейин коркуп келгенибиз анык. Анткени 2020-жылы бюджетибиз 250 миллиард сомдун тегереги болчу. ИДП болсо 700 миллиарддын тегереги эле.

Азыр бюджетибиз 700 миллиард сомго жетти. ИДП болсо 1,5 триллион сомдон ашты. Бүгүн алтын валюта резервибиз 6 миллиард долларга жакын болуп турат. 2020-жылы 2 миллиард доллардын тегереги эле.

Бүгүн Улуттук банкта 60 тоннага жакын алтын запасыбыз топтолду. Бул көрсөткүч 2020-жылы 16 тонна болчу. Депутат Балбак Түлөбаев айткандай, бүгүн тышкы карызыбызды бир күндө төлөп койсок болот. Күчүбүз жетет.

Бирок буга чейинки маектеримде айтканымдай, бир күндө төлөп коюш бизге пайдасыз экен. Себеби кредитти алып жатканда 30-40 жылга чейин 2% (пайыз) менен алыптырбыз. Келишимдин эрежесине ылайык, эгер убагынан эрте төлөй турган болсок, анда үстөк пайыз менен төлөйсүңөр деп кол коюлган экен.

Себеби кредит берип жаткан тарап акчасын 30-40 жылга чейин ушул вариант менен деп пландаштырып биздин өлкөгө берди да.

Ошол үчүн ушул убакыттан эрте төксөк, анда 2 пайыз эмес, үстөк пайыз менен төлөйсүңөр деп турат.

Башында менде деле тышкы карызды бир күндө жаап салалы деген ой болгон. Бирок бизге пайдасыз болгондон кийин өз убагында эле график менен төлөп кете берели дедим.

2035-жылга чейин негизги тышкы карызыбызды график менен эле төлөп бүтөбүз. Ошондуктан тышкы бизге көйгөй эмес.

Ички карыздарыбыз болсо сом менен төлөнөт. Ички карыздар бизге коркунуч жаратпайт. Алардан кутулуунун жолдору толтура. Экономист, финансисттер жакшы билишет.

Количество просмотров: 266