• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жапаров уран калдыктарын сактоочу жайларга барды

5 Теке 2023 9:59 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Миң-Куш айыл аймагында жалпысынан «Талды-Булак», «Туюк-Суу», «Как» жана «Дальнее» сыяктуу уран калдыктары сакталган төрт жай бар.

Учурда «Как» уран калдыктары сакталган жайы рекультивацияланууда, иштер быйыл бүткөрүлөт.

«Талды-Булак» уран калдыктары сакталган жайы «Дальнее» уран калдыктары сакталган жайга көчүрүлүүдө. Ташуу иштери 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Ал эми «Туюк-Суу» уран калдыктары сакталган жайын «Дальнее» уран калдыктары сакталган жайга айыл аралаган жол аркылуу ташуу керек болгондуктан жергилиликтүү эл каршылыгын билдирген.

Тургундар эгер «Туюк-Суу» уран калдыктары сактоочу жайы ачылып, башка жайга көчүрүлө турган болсо, ал ден соолукка зыян келтирерин айтышты.

Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө «Туюк-Сууну» көчүрүү маселесин жашоочулар арасында добуш берүү аркылуу чечүүнү тапшырды.

Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоо Орусиянын «Росатом» атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын ортосундагы программа аркылуу ишке ашат.

Количество просмотров: 82