• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Жапаров уулунун «Берекет банкка» негиздөөчү болгону тууралуу маалымат берди

2 Жетинин айы 202515:44 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров жаңы ачылган “Берекет банк” жана ага уулу Нурдөөлөт Нургожоевдин негиздөөчүлөрдүн бири болгону тууралуу 2-ноябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде маалымат берди.

Жаңы санарип банк ачуу сунушун Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бергенин, президент аны мамлекеттик кылып ачууну сунуштаганда Чжао ага макул болбогонун айткан.

«Азыр дүйнө жүзү виртуалдык активдерге өтүп жатпайбы. Ушул жылдын май айында дүйнө жүзүнө белгилүү Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бизге келгенде идея берип, биргелешип санарип банк ачуубузду сунуштаган. Мен дароо эле мамлекеттик банк кылалы деген оюмду айткам. Ал болсо мамлекеттик банкка кирүүгө каалоосу болбоду. Ошентип, мамлекеттик банк болсун деген сунушум өтпөгөндөн кийин жеке банк ачууга макул болдук. Марат Султановду мурдагы банкир катары чакырып, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү сурандым. Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты. Ары ойлонуп, бери ойлонуп анан мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим. Мамлекеттик иштерге киришпей жеке иштери менен алек болгондору жакшы эмеспи. Чанпен Чжао туш келди эле мамлекетке бара бербейт. Биринчиден, достук мамиле, экинчиден Кыргызстанда өнүгүү бар, коррупция менен аёсуз күрөш жүрүп жатканын көрүп турат, криминал жок, ошол үчүн Кыргызстанга келип жатат. Канчалаган мамлекеттер аны өз өлкөлөрүнө чакырып келтире албай жүрүшөт. Бул кишинин бизге келиши менен ушул банк аркылуу өлкөгө миллиарддаган каражаттар келет. Башка негиздөөчүлөр да кирет бул банкка. Мамлекетибиз, элибиз бул банктын пайдасын гана көрөт. Зыяны тийбейт»,-деген президент.

Ал аталган банк көбүн эсе виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иштеген банк болорун кошумчалады.

«Мен жогоруда айтпадымбы. Балдарымды жана бир туугандарымды саясатка аралаштырбайм деп. Ошондуктан Рустам да, Нурдөөлөт да экономика жана финансы жагын окуп бүтүштү. Албетте, тажрыйбасы бар деп айта албайм. Бирок, бара-бара практика жүзүндө тажрыйба топтойт деп ойлойм. Азыркы жаштар бизге караганда жаңы нерселерди тез өздөштүрөт эмеспи. Эң негизгиси эч кам санабагыла. Бул аракеттен кыргыз эли пайда гана көрөт. Кирешесин эл менен бөлүшөт. Жетим жесирлерге жардам берет. Социалдык обьектилерди салышат дегендей»,-деди ал.

Количество просмотров: 239