• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жапаров: «ВЕГАНЫН» кемчилиген карабай мүмкүнчүлүк берели

20 Бештин айы 2018 13:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.12.2018. Govori.TV


Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырчу “ВЕГА” компаниясынын айрым иш-аракетин сынга алуу менен кантсе да бул долбоор ишке ашуусу керектигин айтты. Антпесе бул Өкмөткө же Парламентке аброй алып келбесин кошумчалады.


“Чоң маниторлордон кайсы жерде кандай эреже бузуу болгонун көзөмөл кылып турууга 70ке жакын киши болушу керек эле. Ошону башка компаниялар бүт баарын өз эсебинен кармап турууну сунушташкан. А бул компания болсо өкмөт жасап берсин деп жатат. Мындан сыркары бөлөк компаниялар почтаны модернизация кылышыбыз керек, айып пул жазгандан кийин аны конвертке салып, үйлөрүнө жеткизүү зарылчылдыгындагы конвертке салып даярдап берүү технологияны өзүбүз алып келип беребиз деп жатса, “ВЕГА” компаниясы бюджеттен сатып берүүнү талап кылып жатат. Өздөрү 12 миллион сомго төмөн баа бердик дегени менен, бюджеттен 64 миллион сурап жатат. Бул аябай чоң кемчилик. Булардын 64миллиону дагы келген компаниянын эсебинен жабылышы керек деген менин жеке оюм бар”,-деди Жапаров.


Мындан сыркары калган кадамдар кандай болоорун убакыт көргөзөөрүн айтуу менен бирге кантсе да бул компанияга мүмкүнчүлүк берүү керектигин кошумчалады.


Кошумчалай кетсек, кечээ 19-декабрда Жогорку Кеңеште “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын укту. Долбоорду ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом каралып, 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашып баштай турган болду. 18-декабрь күнү Кыргызстанга “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 37 аппараттык комплекс келип түшкөн.
«Коопсуз шаар» долбоорун орусиялык “Вега» радиокуруу концерни ишке ашырганы турат.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө, жол кырсыгын азайтуу багытындагы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом каралган. “Вега” компаниясы долбоорду аткарууга 2 млрд 320 млн сом каражат жумшамай болду. Бул болжолдогондон 230 млн сомго арзан түшкөн. Долбоор 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу парламентте биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Количество просмотров: 33