• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча билдирүү жасады

9 Үчтүн айы 2022 22:14 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстандын күч органдары тарабынан кармалганына байланыштуу өз пикирин билдирди.

Жапаровдун билдирүүсү (өзгөртүүсүз берилет):

«Урматтуу Кыргызстандыктар!

Биз Казакстанда болуп жаткан окуялардан толук кабардарбыз.

Викрам Рузахунов тууралуу маалымат эртең менен социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим. Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат.

Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингке катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү».

Буга чейин Казакстандын күч органдары Кыргызстандын жараны делген адамдын видеосун жарыялаган. Видеодогу адам Алматыга митингге катышуу үчүн барганын, ал үчүн 90 миң теңге алмак экенин билдирген.

Количество просмотров: 451