• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров Ысык-Көлдө эс алып жаткан мугалимдерге барып, кабар алды

28 Теке 2022 10:13 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы мугалимдердин “Санат” ден соолукту чыңдоо борбору менен таанышып, эс алуудагы мугалимдерден күтүүсүздөн келип кабар алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, эс алуудагы мугалимдер жана коноктор өлкө башчы менен баарлашып, билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөргө кубанып жаткандыктарын билдиришти.

«Мамлекет башчы билим берүү тармагында эмгектенгендердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга басым жасалып жатканын белгилеп, аталган пансионатка дагы 1000 орундуу корпус куруу менен ден соолукту чыңдоо жайынын инфратүзүмүн бекемдөө боюнча бардык мүмкүнчүлүктөр колдонуларын айтты», — деп жазат министр.

Өз кезегинде Президент агартуу тармагы мамлекеттин приоритеттүү багыты катары кала берерин баса белгилеп өткөнү кошумчаланды.

Количество просмотров: 1727