• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаров жаңы стадиондун курулушу 2 жылда аяктай тургандыгын айтты

23 Чын куран 2024 8:59 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Бишкектин четинде жайгашкан жаңы футболдук стадиондун курулушу эки жылда аяктай тургандыгын билдирди.

Мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, анда Борбор Азиядагы уникалдуу эң чоң футболдук стадиондун көптөн күткөн курулушу башталгандыгын эске салды.

«Борбор Азиядагы 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган эң чоң стадион. Стадиондун дизайнынын өзөгүн кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгү болгон боз үй феномени түзөт.

Дизайнынын өзгөчөлүгү анын формасынын уникалдуулугунда», — деди президент.

Жалпысынан 22 адис архитектуралык бөлүмдө иштеп жатат (12 адам – Түркиядан, 10 адам – Кыргызстандан).

Инженер- электриктер бөлүмүндө – 7 адис (4 адам – Түркиядан, 3 адам – Кыргызстандан).

Инженердик ички коммуникациялар, желдетүү жана өрткө каршы тутум бөлүмүндө – 7 адис (ОВиК ВК жана АПТ), (4 адам – Түркиядан, 3 адам – Кыргызстандан).

Инженер-конструктор – 12 адис (7 адам – Түркиядан, 5 адам – Кыргызстандан).

Консультациялык топ – 6 адис (3 адам – Англиядан, 3 адам – Түркиядан).

«Борбор Азиядагы эң чоң жабык унаа токтотуучу жай 3600 унаага ылайыкталган. Анда стадион гана эмес, 35 миң м² аянтты ээлеген спорт дүкөндөрү жана соода борборлору да болот.

Көпчүлүк стадиондордо болбогон ФИФАнын А категориясындагы талаа диоддук жарыгы менен жарыктандырылат.

«Гибриддик газон технологиясы» менен камсыздалып, АФКнын финалдык жана ФИФАнын тайпалык матчтары өткөрүлөт», — деди президент.

  • Имараттын отуруучу аянты — 70 миң м².
  • Курулуш аянты — 180 миң м²
  • 8 кабат, бийиктиги — 70 метр
  • Стадиондун диаметри — 280 метр тегерек формада
  • Стадиондун аянты — 85 миң м²
  • 60 миң м² жабык унаа токтотуучу жай жана техникалык жайлар бар.

Стадиондун курулушуна сарпталуучу 135 миң м³ көлөмдөгү бетондун баары ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Кыргызстандан сатылып алынат.

«Мындан тышкары, маанилүү болуп саналган жумушчу күчүнүн басымдуу бөлүгүн жумуш орундарын камсыз кылуу үчүн Кыргызстандын жарандары түзөт.

Темир-бетон иштерин 13 айда бүтүрүү пландалууда.

Электромеханикалык иштерин жана 50м оор блоктон жасалган чатырды колдонуу менен 7 ай ичинде аяктоо каралган.

Башка иштер 6 ай бою улантылса, демек, курулуштун болжолдуу мөөнөтү 2 жылды түзөт.

Каражат маселесин толугу менен төлөп бердик.

Кудай бөөдө кырсыктан тышкары кылса, эки жылдан кийин бул стадион элибиздин керегине жарап, кызмат кыла баштайт», — деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 51