• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров жаңы судьяларды дайындады

9 Бирдин айы 2021 13:24 Бишкек Govori.TV

Президентт Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын кээ бир райондук сотторунун, ошондой эле Ош жана Нарын шаардык сотторунун судьяларын дайындоо үчүн 18 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу лкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 9-февралда билдирди.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 17 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Бир талапкер боюнча ал ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, материалдарды Кеңешке кайтарды.

Президент 17 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жөнүндө Жарлыктарды кабыл алып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

— Чүй облусу:

Ысык-Ата райондук соту:

Акымбекова Айгерим Исламовна;

Тентиева Майрамкүл Касанахуновна;

Сокулук райондук соту:

Гулмамат уулу Айбек;

Кемин райондук соту:

Мурзаева Гульмира Мурзаевна;

— Нарын облусу:

Нарын шаардык соту:

Дюшебаева Чолпон Дюшебаевна;

— Жалал-Абад облусу:

Жалал-Абад облусунун административдик соту:

Хусанов Айбек Исманалиевич;

Багишев Данияр Мансурович;

— Ош облусу:

Алай райондук соту:

Орозматов Уланбек Тынчылыкович;

Араван райондук соту:

Асаналиева Алтынай Аскарбековна;

Колопов Эдуард Сексенбаевич;

Кара-Кулжа райондук соту:

Бекташов Нурпаис Абилатович;

Кара-Суу райондук  соту:

Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич;

Ош шаардык соту:

Токтосунов Тилек Калыкович;

Турсункулов Муктарбек Ыманкулович;

— Бишкек шаары:

Октябрь райондук соту:

Саргалдаков Искандер Бекболотович;

Биринчи май райондук соту:

Есенкулова Салтанат Арстанбековна;

Ленин райондук соту:

Байышов Мирлан Байышович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 350