Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Бишкектеги жаңыланган Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин салтанаттуу ачылышына катышты.
Эскерте кетсек, аталган жайга мамлекет башчысынын пландан тышкары барып келгенден кийин, анын тапшырмасы менен 2023-жылдын июль айында циркти капиталдык оңдоо иштери башталган.
Реконструкциялоонун алкагында масштабдуу оңдоо иштери жүргүзүлдү: электр системалары жана канализация алмаштырылды, пол жана шып жаңыртылды, жаңы жылытуу системалары жана сантехника орнотулду. Мындан тышкары, чарбалык бөлмөлөр, аттарды кармоо жана багуу үчүн зоналар, артисттер үчүн ыңгайлуу кабинеттер жасалып, манеж жаңыртылды. Реконструкция эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, имарат заманбап жана ыңгайлуу болуп калды.
Ошондой эле цирктеги оюн-зоокторго билет сатуу толугу менен автоматташтырылып, накталай эсептешүүлөр алынып салынган. Билеттер электрондук брондоо кызматтары аркылуу алдын ала сатылып алынат, бул адамдык факторду жокко чыгарып, сатып алуу процессин ыңгайлуу жана ачык-айкын кылат.